Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 91 киши көз жумду.

1653468
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 91 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 255 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 218 миң 164 тест жасалып, 495 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 647 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 6 миң 576 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 167 миң 350гө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар