Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистандын  Синдх штатында болгон жана 30дан ашуун адам каза болгон поезд кырсыгынан улам көңүл айтты.

1653251
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистандын  Синдх штатында болгон жана 30дан ашуун адам каза болгон поезд кырсыгынан улам көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Пакистанда Синдх штатынын Готки аймагында болгон поезд кырсыгында 30дан ашуун адамдын каза болгондугу жана көп сандаган адамдын жаралангандыгы билдирилди.

Бул кырсыкта каза болгондор үчүн Аллахтын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалап,  дос Пакистан өкмөтү менен боордош Пакистан калкына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Пакистанда бара жаткан жүргүнчү поезддин вагону ажырап каршы тараптан келе жаткан жүргүнчү поезд менен кагылыуусунун натыйжасында 38 киши адам каза болуп, 64 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар