Чавушоглу француз кесиптеши менен жолугушту

Чавушоглу расмий сапар менен жүргөн Франциянын борбору Парижде Ле Дриан менен жекеме-жеке жана делегациялар ортосунда жолугушуу өткөрдү.

1653362
Чавушоглу француз кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен жолугушту.

Чавушоглу расмий сапар менен жүргөн Франциянын борбору Парижде Ле Дриан менен жекеме-жеке жана делегациялар ортосунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык маселелер, биринчи кезекте Ливия жана Сирия, ошондой эле НАТОнун алдыдагы саммити боюнча пикир алмашылып, Түркия-Франция жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары талкууланды.

Басма сөз үчүн жабык өткөн жолугушуу болжол менен 2,5 саатка созулду.



Тектеш кабарлар