Түрк - грек чек арасын кайрадан белгилөө жыйыны

Түркия менен Грециянын ортосундагы чек араны кайрадан белгилөө максатында эки өлкөнүн адистери Эдирнеде чогулушту.

1647074
Түрк  - грек  чек арасын кайрадан белгилөө жыйыны

Түркия менен Грециянын ортосундагы чек араны кайрадан белгилөө максатында эки өлкөнүн адистери Эдирнеде чогулушту.

Эки күндүк сүйлөшүүлөрдө түрк делегациясын тышкы иштер министрлигинин Чек ара департаментинин башчысы Хакан Өздемир, ал эми грек делегациясын тышкы иштер министрлигинин авиация департаментинин башчысы Афанасиос Лесеис жетектеди.

Жолугушууда, Түркия менен Грециянын ортосундагы   кургактык чек араны кайрадан белгилөөгө байланыштуу маселелер боюнча тараптардын көз караштары, күтүүлөрү жана максаттары талкууланды.

Эки делегация тарабынан тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашуунун артыкчылыктары билдирилип,  эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү эрки баса белгиленди.



Тектеш кабарлар