Эрдоган: «Таксим мечитибиз Стамбулдун негизги символдорунун катарына кирди»

Төрт жыл мурун Стамбулда пайдубалы түптөлгөн Таксим мечити президент Эрдоган да катышкан жума намазы менен ибадатка ачылды.

1647642
Эрдоган: «Таксим мечитибиз Стамбулдун негизги символдорунун катарына кирди»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Таксим мечитинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Дүйнөдөгү саналуу долбоорлордун катарына кирген Таксим мечитибиз Стамбулдун символдорунун арасында өзгөчө орунду ээледи»,-деди.

Төрт жыл мурун Стамбулда пайдубалы түптөлгөн Таксим мечити президент Эрдоган да катышкан жума намазы менен ибадатка ачылды.

Намаздан кийин элге кайрылган Эрдоган: «Биринчи жума намазын окуган Таксим мечитибиздин Стамбулубузга, өлкөбүзгө жана Ислам дүйнөсү үчүн куттуу болушун каалайм»,- деп айтты.

«Мен Таксим мечитин, бир канча ай мурун кайрадан ибадатка ачылган Айясофия мечити-и Кебирге берилген салам, Стамбулдун каратылышынын 568 жылдыгына белек катары кабыл алам» деген Эрдоган: «Таксим мечити биздин 1,5 кылымга созулган күрөшүбүздөн кийин Стамбулга тартууланды», деди.

Пайдубалы 2017-жылдын 17-февралында түптөлгөн мечиттин кире беришинде, полунда жана шыбында 8 тараптуу Селжук оюмдары бар.

19-кылымдагы Бейоглу архитектурасы чагылдырылып оригиналдуу долбоор менен курулган жана ар бир бөлүгүнүн майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган мечитте унаа токтоочу жай, көргөзмө аймагы, конференция залы, ашкана жана Санарип Ислам китепканасы да бар.



Тектеш кабарлар