Чавушоглу БУУнун атайын сессиясына катышты
Мевлүт Чавушоглу сессияга видеоконференция аркылуу катышты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Израилдин чагымчылдыгынын этникалык, диний жана маданий тазалоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү экендигин айтты.
Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши уюштурган Палестина атайын сессиясына видеоконференция менен катышты.
Израилдин палестиналыктарга жана Акса мечитине каршы мыйзам бузууларына токтолгон Чавушоглу: «(Израилдин аракеттери) Бул чагымчылдыктар этникалык, диний жана маданий тазалоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат»,- деди.
«Биз Израилдин жазасыз калышын токтотуу үчүн натыйжалуу каражаттарды табышыбыз керек» деген Чавушоглу: «Газадагы адамкерчиликсиз блокада үчүн эч кандай негиз жок. Бул жалпы жазаландыруу дароо токтошу керек»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.