Атамекендик вакцинага байланыштуу жыйын өткөрүлдү

Акыркы эки айда дагы эки вакцинанын клиникалык баскычка өтүшү менен жалпы сан 4кө жетти.

1645604
Атамекендик вакцинага байланыштуу жыйын өткөрүлдү

Президенттик комплексте "Атамекендик вакцина изилдөөлөрүнө баа берүү жыйыны" болуп өттү.

Вице-президент Фуат Октайдын төрагалыгы астында өткөн жыйында, клиникалык колдонулушу уланып жаткан ата мекендик жаңы коронавирус (Ковид-19) вакцинасын изилдөө иштери талкууланды.

Президенттик комплекстеги жыйынга саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен тиешелүү мекеме жана уюмдардын жооптуу кызматкерлери катышты.

Акыркы эки айда дагы эки вакцинанын клиникалык баскычка өтүшү менен жалпы саны 4кө көбөйгөндүгү баса белгиленип, вакциналарды чукул колдонуу менен массалык өндүрүштөгү үзгүлтүккө учуратпоо чаралары талкууланды.

Кайсеридеги Эржиес университетинин окутуучусу проф. др. Айкут Өздарендели тарабынан иштелип чыккан жигерсиз вакцинанын 2-фазасынын натыйжаларына байланыштуу оң жылыштар болуп жаткандыгы айтылган жыйында, 3-фазаны колдонууга өтүү үчүн даярдыктар бүтөйүн деп калганы билдирилди.

Жыйында июнь айынын биринчи жумасында баштала турган 3-фаза изилдөөлөрү ыктыярчылардын кеңири тобуна колдонула тургандыгы жана пландоого ылайык вакцинага сентябрь-октябрь айларында шашылыш колдонууга уруксат берилиши күтүлүп жаткандыгы белгиленди.  

Экинчи жагынан, Түркиянын өзү иштеп чыга турган вакциналар менен дүйнөдөгү вакцинага мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн да үмүт болору айтылды.



Тектеш кабарлар