Кушадасынан 2000 жылдык байыркы суу каналы табылды
Айдын облусунун Кушадасы районунда 2000 жылдык экендиги болжолдолгон Рим мезгилине таандык байыркы суу каналы табылды.
Айдын облусунун Кушадасы районунда 2000 жылдык экендиги болжолдолгон Рим мезгилине таандык байыркы суу каналы табылды.
Айдын археологиялык музейдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бургулоо иштеринде узундугу 50 метр, эни 2, 5 метр жана бийиктиги 1, 5 метр болгон суу каналы табылды.
Биздин эрага чейинки 1 - кылымдан калганы болжолдолгон суу каналынын эрте Рим дооруна таандык экендиги белгиленди.
Айдын облустук маданият жана туризм дирекору, доцент доктор Умут Тунжер ал мезгилде Селчуктагы Ефес байыркы шаарына суунун бул канал аркылуу келгендигин белгилеп : «Каналдын жалпы 43 километрдик жолдун бир бөлүгү экендигин ойлоп жатабыз. Курулуштун айланасы курчоого алынды»,- деди.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.