Чавушоглунун Нью-Йорктогу жолугушуулары
Кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусунда "Шейит дипломаттар көргөзмөсү" ачылды.
Армян террордук уюмдары тарабынан шейит кылынган түрк дипломаттарын эскерүү үчүн Коммуникация башкармалыгы уюштурган "Шейит дипломаттар көргөзмөсү" кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусунда ачылды.
Чавушоглу ачылыш сөзүндө Коммуникация башкармалыгына жана төрага Фахреттин Алтунга Лос-Анжелес, Вашингтон жана Нью-Йоркто уюштурган бул көргөзмөлөр үчүн ыраазычылык билдирди.
1973-1984-жылдар аралыгында ASALA жана JCAĞ сыяктуу армян террордук уюмдарынын кол салууларынын натыйжасында 31и дипломат болгон жалпы 58 түрк жараны шейит болгонун эске салган Чавушоглу: «Ушул учурдан пайдаланып биз шейиттерибизди дагы бир жолу таазим кылып эскеребиз. Бардык шейиттерибизге татыктуу болуш үчүн иштеп жатабыз»,- деди.
Көргөзмөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Чавушоглу: «Өзгөчө 1915-жылдагы окуялар популисттик саясий максаттар үчүн бурмаланып жаткан мезгилде, Америка коомчулугунун чындыктар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга чоң салым кошту деп ойлойм. 1915-жылдагы окуяларды саясий генополисттик мамиле менен "геноцид" деп сыпаттаган саясатчылардын чындыктарды көрүшүн каалайт элем»,-деди.
Чавушоглу ошондой эле 1982-жылы Лос-Анжелестеги башкы консул Кемал Арыканды шейит кылган Хаммиг Сасунян аттуу армян террористинин бошотулушун сынга алып: «Бир жагынан адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү жана терроризмге каршы күрөш деп коюшуп экинчи жагынан Сасунян аттуу террорист жаза мөөнөтү бүтө электе бошотулду»,-деп айтты.
Министр Чавушоглу Нью-Йорктогу курулушу бүткөнү калган жаңы Түрк үйүн дагы карап чыкты.