COVID-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 278 киши көз жумду.

1638101
COVID-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 278 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 43 миң 589 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 226 миң 452 тест жасалып, 1 миң 582 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 14 миң 497 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 22 миң 253 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 766 миң 124кө жогорулады.



Тектеш кабарлар