Измирдин жээктеринде 28 качкын куткарылды

Качкындар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

1636370
Измирдин жээктеринде 28 качкын куткарылды

Измирдин Дикили районунда чет өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен кетүүгө аракет кылган жана резина кайыктарындагы бузулуунун айынан деңиздин ортосунда калган 28 качкын куткарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин элементтери, Дикили районунун жээктеринде резина кайыкта качкындардын тобу бар экендиги жана техникалык бузулууларга байланыштуу жардам сурашканы жөнүндө маалымат алышты.

Аймакка барган топтор 28 мыйзамсыз мигрантты куткарып калышты.

Качкындар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар