Р. Т. Эрдоган «Египет калкы менен тарыхтан бери келген биримдикке кайрадан жетүү аракетиндебиз»

Президент «Билим бардык адамзаттын жалпы мүлкү. Билимде кызгануу болбойт. Адамдын ден соолугуна байланыштуу (вакцинаны) муну биз чыгардык эч кимге бербейбиз деген логика  жаңылыш болот»,- деди.

1636063
Р. Т. Эрдоган «Египет калкы менен тарыхтан бери келген биримдикке кайрадан жетүү аракетиндебиз»

Президент Р. Т. Эрдоган : «Египет калкы менен тарыхтан бери келген биримдикке кайрадан жетүү аракетиндебиз»,- деди.

Эрдоган Стамбулда берген билдирүүсүндө : «Египет калкына карата мамилебиз оң. Египет калкы менен түрк улутунун тарыхка негизделген биримдиги бар. Бир душман боордоштор катары эмес, дос катары Египет калкы менен болгон биримдикке кайрадан жетүү, кайрадан улантуу аракетиндебиз»,- деди.

Президент Эрдоган тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал жана Египеттин тышкы иштер министринин орун басары элчи Хамди Санад Лозанын жетекчилигинде Каирде эки күнгө созулган  делегациялар аралык Түркия  -  Египет жолугушууларын эске салып : «Жаңы процесс башталды жана бул процессти кеңейтүү менен улантабыз»,- деди.

Р. Т. Эрдоган Ковид   19  вакциналарынын интеллектуалдык менчик укугуна байланыштуу : «Билим бардык адамзаттын жалпы мүлкү. Билимде кызгануу болбойт. Адамдын ден соолугуна байланыштуу (вакцинаны) муну биз чыгардык эч кимге бербейбиз деген логика  жаңылыш болот»,- деди.



Тектеш кабарлар