Түркияда эки доза вакцина алган адамдардын саны 10 миллиондон ашты

Ушундайча берилген вакциналардын жалпы саны 24 миллион 353 миң 636га жетти.

1635106
Түркияда эки доза вакцина алган адамдардын саны 10 миллиондон ашты

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында эки доза вакцина алган адамдардын саны 10 миллиондон ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин "Ковид-19 вакцинасы боюнча маалыматтандыруу платформасындагы" көрсөткүчтөргө караганда, Түркия убактысы боюнча саат 10.30га карата 14 миллион 352 миң 956 кишиге Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасы сайылса, 10 миллион 680 адамдын экинчи дозасы да бүттү.

Ушундайча берилген вакциналардын жалпы саны 24 миллион 353 миң 636га жетти.

Эмдөө программасында учурда Sinovac жана BioNTech вакциналары колдонулуп жатат, ал эми Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясы ушул айда Түркияга келиши күтүлүүдө.

Ата мекендик коронавирус вакцинасын иштеп чыгуу үчүн жүргүзүлгөн 18 изилдөөнүн бири болгон Эржиес университетинин жигерсиз вакцинасынын Фаза-3 изилдөөсүн бир нече жуманын ичинде баштоосу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар