Sputnik V вакцинасы Түркияда өндүрүлөт
Фармацевтикалык компаниянын, алдыдагы айларда Түркиянын көптөгөн ишканаларында өндүрүштү баштоону максат кылгандыгы белгиленди.
Россиянын Түз инвестициялар фонду менен Түркиядагы бир фармацевтикалык компания, "Sputnik V" Ковид-19 вакцинасын Түркияда чыгаруу боюнча макулдашышты.
Россиянын Түз инвестициялар фондунун билдирүүсүндө, Sputnik V вакцинасынын Түркияда өндүрүлүшү үчүн фармацевтикалык компания менен макулдашуу түзүлгөндүгү маалымдалды.
Фармацевтикалык компаниянын, алдыдагы айларда Түркиянын көптөгөн ишканаларында өндүрүштү баштоону максат кылгандыгы белгиленди.
Sputnik V вакцинасы Россиянын Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология институту тарабынан иштелип чыккан болчу.
Ушул жылдын башында «The Lancet» журналы, бул вакцинанын эффективдүүлүгү 91,6 пайыз деп жарыялаган эле.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.