Түркия Чадга көңүл айтты
Чаддын президенти куралчан оппозициячылдар менен болгон кагылышууда каза тапкан.
Түркия, Чаддын президенти Идрис Деби Итнонун куралчан оппозициячылдар менен болгон кагылышууда каза табышынын терең кайгыга салгандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Түркия менен Чаддын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерге чоң салым кошкон Идрис Дебинин өлүмүнөн улам дос жана боордош чад элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө Дебинин куралчан оппозициячылдар менен болгон жаңжалдын натыйжасында каза табышынын терең кайгыга салгандыгы белгиленди.
Чад армиясынын басма сөз катчысы Азем Бермандоа Агуна 20-апрелде улуттук телекөрсөтүүгө жасаган билдирүүсүндө, 68 жаштагы Итнонун дем алыш күндөрү өлкөнүн түндүгүндө жикчил Чад өзгөрүүсү жана биримдик фронтуна каршы операцияга катышкандыгын, кагылышууда жаракат алганын жана каза болгонун кабарлаган эле.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.