Октай: «Бүгүн бизде жакшы жаңылык бар»

Фуат Октай түз эфирде билдирүү жасады.

1624674
Октай: «Бүгүн бизде жакшы жаңылык бар»

Вице-президент Фуат Октай, коронавируска (Ковид-19) каршы Түркияда иштелип чыккан дагы бир вакцинанын фаза-1 баскычынын баштала тургандыгын билдирди.

Фуат Октай Йозгаттагы жергиликтүү телекөрсөтүүнүн түз эфиринде жарыялаган билдирүүсүндө, учурда Ковид-19га каршы 18 ата мекендик вакцинанын изилдөөлөрү жүрүп жатканын жана алардын 7синин үмүт берүүчү экенин айтты.

Октай 7 вакцинанын төртөөсүнүн клиникалык колдонуу баскычында экендигин маалымдады.

Кайсеридеги Эржиес университетинин профессору доктор Айкут Өздарендели тарабынан иштелип чыккан вакцинанын акыркы клиникалык баскыч болгон фаза-3 этабынын жакында башлата тургандыгын айткан Октай: «Бүгүн бизде жакшы жаңылык бар. Селчук университетинен проф. др. Осман Эрганиш тарабынан иштелип чыккан вакцинага талапкердин клиникага чейинки этабы аяктап, 1-фазаны баштайт деген кабар алдык. Буюрса шаршемби күнү (эртең) фаза-1 этабы башталат»,-деди.



Тектеш кабарлар