Октай ТКТРдагы Куран курсу чечимине байланыштуу билдирүү жасады
Вице-президент Фуат Октай, бул чечимге жана андан кийин таштала турган кадамдарга баа бергендерин айтты.
Вице-президент Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Конституциялык Сотунун Куран курсу чечимине байланыштуу: «Бул чечим өзгөчө ушул Рамазан айында сезимдерди жаралады»,- деди.
Вице-президент Фуат Октай, президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөлөрүнүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Эрсан Санер менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, бул чечимге жана андан кийин таштала турган кадамдарга баа бергендерин айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш сапарынын алкагында бул маселе боюнча талкуулоолорун улантканын эске салган Октай: «Мамлекет керектүү көзөмөлдү жана текшерүүнү жүргүзүп ар кимдин дин жана абийир эркиндигин камсыз кылышы керек»,-деди.
Октай, Түндүк Кипрде дин жана абийир эркиндигинин кепилдигине маани беришкендиктерин жана аны сактай тургандарын билдирди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Сенегалдын мурдагы президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Эрдоган Саллды 25-май Африка күнү менен да куттуктады.
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.