ДАЕШтын жалган Мосул эмири Аданада камакка алынды

Аданада 7 шектүү кармалды.

1623049
ДАЕШтын жалган Мосул эмири Аданада камакка алынды

Аданада террордук уюм ДАЕШка каршы операцияда кармалган 7 чет элдик жарандын 2си камакка алынды.

Аданадагы Терроризмге каршы күрөшүү жана чалгындоо бөлүмү тарабынан 13-апрелде террордук ДЕАШтын атынан Сирия жана Иракта жүргөндүгү себеби менен кармалган 4ү Ирак жана 3ү Сирия тектүү 7 шектүүнүн коопсуздук башкармалыгындагы процедуралары аяктады.

Сотко өткөрүлүп берилген шектүүлөрдөн Абдулкерим Юсуф Н. ​​менен Йезен Эл С. камакка алынды. Бошотулган берки шектүүлөр депортацияланышы үчүн Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

Камакка алынган Абдулкерим Юсуф Ннын ДАЕШтын жалган Ирактын Мосул шаарындагы эмири экени маалым болду.



Тектеш кабарлар