ТИКА Газада жардам таркатты

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА Газадагы 5 320 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатты.

1622282
ТИКА Газада жардам таркатты

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА Газадагы 5 320 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатты.

TИKAнын Палестина кеңсеси берген билдирүүдө, Израилдин Газадагы блокадасы астында Ковид - 19 менен күрөшүп жаткан жакыр үй - бүлөлөрдүн айрым муктаждыктарын камсыз кылууга аракет кылынгандыгы белгиленди.

Ушунун негизинде таркатылган кутуларда күн карама майы, зайтун майы, күрүч, буурчак, жасмык, макарон жана чай сыяктуу азык-түлүктөрдүн бар экени белгиленди. Ошондой эле Рамазан айында Газа, Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде 14 000 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттеринин таркатылары жана 7 000 кишиге ифтар бериле турганы маалымдалды.

2006 -жылдан бери Израилдин блокадасы астындагы Газада Ковид- 19дан улам экономикалык абал да начарлап, элдин жарымы жакырдык менен күрөшүүдө.

ТИКА 2005 - жылы ачылган Палестина кеңсеси аркылуу аймакта билим берүү, саламаттыкты сактоо, чукул жардам, суу жана калктын саламаттыгы, өндүрүш сектору, жалпы тарыхый мурастарды коргоо жана административдик, жарандык чөйрөнү чыңдоо сыяктуу жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырды.

 



Тектеш кабарлар