Ван көлүнүн фотографиясын колдоого чакыруу салынды

Ван облусунун губернатору жана вице  - мэри Мехмет Эмин Билмез Ван көлүнүн фотографиясы үчүн колдоо берүүнү суранды.

1618620
Ван көлүнүн фотографиясын колдоого чакыруу салынды

Ван облусунун губернатору жана вице  - мэри Мехмет Эмин Билмез АКШнын Авиация жана космостук агенттиги НАСА уюштурган «Дүнө турнири» аттуу онлайн режимдеги фотография конкурсунда финалга чыккан  Ван көлүнүн фотографиясы үчүн колдоо берүүнү суранды.

Губернаторлуктан берилген маалыматка караганда НАСА баштаган конкурста 32 фотографиянын арасында орун алган жана астронавт Kейт Рубинстын    2016 -  жылы 12 -  сентябрда тарткан Ван көлү фотографиясы менен атронавт Дон Петтит тарабынан 2012 – жылы тартылган Америка материгинин үстүндө кыймылдагы жылдыздар орун алган фотография финалга чыкты.

Финалга  чыккан Ван көлүнүн фотографиясына добуш берген губернатор Билмез көлдүн Түркия жана аймак үчүн маанилүү экендигин белгиледи.  

Эки фотографиянын тең кооз экендигин, бирок Ван көлүндө тартылган сүрөттүн таасирдүү экендигин жана көлдүн канчалык сырдуу экенин көрсөткөндүгүн айткан Билмез, баардыгын Ван көлүн биринчиликке чыгаруу үчүн добуш берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар