Акардын Британияга жасаган иш сапары

Улуттук Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, улуттук Коргоо министри Хулуси Акардын Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин чакыруусу менен 7-9-апрелде бул өлкөгө расмий сапар жасагандыгы эске салынды.

1618325
Акардын Британияга жасаган иш сапары

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акардын Британияга жасаган иш сапарында НАТО, Афганистан, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кара деңиздеги окуялар сыяктуу көптөгөн аймактык маселелер боюнча өз ара маалымат жана пикир алмашуу болду.

Улуттук Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, улуттук Коргоо министри Хулуси Акардын Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин чакыруусу менен 7-9-апрелде бул өлкөгө расмий сапар жасагандыгы эске салынды.

Сапардын жүрүшүндө НАТО, Афганистан, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кара деңиздеги окуялар сыяктуу көптөгөн аймактык маселелер боюнча өз ара маалымат жана пикир алмашуу болгондугу белгиленип: «Эки министр тең бир катар темада бирдей көз карашта экендиктерин ырасташты жана биргелешкен иш-аракеттер НАТОнун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жана колдоо жагынан пайдалуу болоору темасында макулдашышты. Андан тышкары коргонуу өнөр жайы кызматташтыгын арттыруу үчүн жасала турган иштерге баа берилди», деп маалымдалды.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууларда улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жикчил террордук уюм ПККнын иштерине жол бербөө үчүн Британиянын бир катар кадамдарды жасаганын, бирок андан дагы көп нерсенин күтүлүп жаткандыгын белгилеп, Британиянын ФЕТӨ террордук уюму дагы деле активдүү болгон өлкөлөрдүн бири экендигине көңүл бурду жана ФЕТӨ менен күрөшүүдө Түркияга колдоо көрсөтүлүшү жана конкреттүү кадамдар ташталышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар