Караисмаилоглу: «Түрксат 5B байланыш спутнигин ушул жылдын төртүнчү чейрегинде космоско учурабыз»

Адил Караисмаилоглу Tүрксат 6Aны болсо 2022-жылы космоско учурууну пландаштырып жатышканын билдирди.

1616486
Караисмаилоглу: «Түрксат 5B байланыш спутнигин ушул жылдын төртүнчү чейрегинде космоско учурабыз»

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Түрксат 5Анын майдын биринчи жумасында 31 градус чыгыш орбитасына жете турганын айтты.

Караисмаилоглу, Түркиянын спутник жана космостук саякат менен Түрксат 5A, 5B, 6A спутниктерине байланыштуу акыркы өнүгүүлөргө борбор шаар Анкарадагы Түрксат Корпорациясынын Гөлбашы районундагы кампусунда өткөргөн пресс-конференцияда баа берди.

Министр Караисмаилоглу: «Биз Түрксат 5B байланыш спутнигин да ушул жылдын төртүнчү чейрегинде космоско учурабыз» деп билдирди.

Адил Караисмаилоглу Tүрксат 6Aны болсо 2022-жылы космоско учурууну пландаштырып жатышканын маалымдады. 



Тектеш кабарлар