Март айында 86 террорист таасирсиз кылынды

Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы маалымат берди.

1615548
Март айында 86 террорист таасирсиз кылынды

Март айында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында 86 террорист таасирсиз кылынды.

Ички иштер министринин орун басары жана Министрликтин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, ай сайын өткөрүлүүчү маалыматтык жыйында март айында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операциялары учурунда 86 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.

Чатаклы, баңгизатка каршы күрөшүүнүн алкагында 29-марттан 5-апрелге чейин 5224 адамдын кармалганын белгиледи.

Чатаклы ошондой эле март айында 16 террордук кол салуунун алдын алынгандыгын кабарлады.



Тектеш кабарлар