Эрдоган Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөрдү

Президент Эрдоган, акыркы мезгилде талкууга алынган 1936-жылдагы Монтрё кысыктар конвенциясына байланыштуу билдирүү жасады.

1615273
Эрдоган Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз Монтрёнун өлкөбүзгө алып келген пайдаларын маанилүү деп эсептейбиз жана мындан дагы жакшысы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тапмайынча ушул келишимге берилгендигибизди улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөрүп, акыркы мезгилде талкууга алынган 1936-жылдагы Монтрё кысыктар конвенциясына байланыштуу билдирүү жасады.

Эрдоган: «Биз Монтрёнун өлкөбүзгө алып келген пайдаларын маанилүү деп эсептейбиз жана мындан дагы жакшысы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тапмайынча ушул келишимге берилгендигибизди улантабыз»,-деп айтты.

Учурда Монтрё конвенциясынан чыгуу тууралуу эч кандай изилдөө же мындай ниет жок экендигин белгилеген Эрдоган: «Бирок келечекте мындай муктаждык келип чыкса, биз өлкөбүздү өркүндөтүү үчүн ар бир келишимди карап чыгуудан тартынбайбыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар