Түркиядан Араканга жардам

Жардам материалдарын ташыган учак 22 кызматкер менен Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортунан Бангладешке жөнөп кетти.

1609402
Түркиядан Араканга жардам

Бангладеште аракандык качкындар жашаган лагердеги өрттөн кийин зыянга учураган Түркиянын көчмө ооруканасынын кайрадан ишин улантуусу үчүн даярдалган жардам каражаттарын ташыган аскердик жүк ташуучу учак Анкарадан учуп кетти.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Ички иштер министрлигинин Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD), Саламаттык сактоо министрлиги менен Экология жана шаар куруу министрлиги аймакка жардам жеткирүү иштерин баштады.

Ушул алкакта, өрттө жабыркаган Түркиянын көчмө ооруканасынын кайрадан колдонууга берилиши үчүн даярдалган Катаал климаттык шарттарга ылайыктуу көчмө оорукана Этимесгут районундагы аскердик аэропортто А 400M тибиндеги аскердик жүк ташуучу учакка жүктөлдү.

Жардам материалдарын ташыган учак 22 кызматкер менен Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортунан Бангладешке жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар