Улуттук коргоо министринен АКШ менен Грецияга так билдирүү

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар бардык дос жана союздаштардан адамзаттык баалуулуктарды коргогон баарынан террорго каршы, күчтүү эркти көрсөтүүлөрүн күтүшкөндөрүн айтты.

1604547
Улуттук коргоо министринен АКШ менен Грецияга так билдирүү

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар бардык дос жана союздаштардан адамзаттык баалуулуктарды коргогон баарынан террорго каршы, күчтүү эркти көрсөтүүлөрүн күтүшкөндөрүн айтты. Акар 18- Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале жеңишинин 106 жылдыгынан улам министрликте өткөрүлгөн аземге катышты.

Акар бул жерде сөз сүйлөп, бардык дос жана союздаш өлкөлөрдөн террорго каршы күчтүү жана биргелешкен эркти көрсөтүүлөрүн күтүшкөндөрүн белгилеп : «АКШнын ДЕАШ менен күршүү шылтагы менен жикчил террордук уюм ЙПГге колдоо беришин туура дебейбиз. Анткени ПКК / ЙПГ экөөсү бирдей. Булардын бири биринен айырмасы жок»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдогандын көрсөтмөсүнүн негизинде Сирия менен Ирактын түндүгүндө жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде түрк улутунун укук, карым- катнаш жана кызыкчылыктарын коргогондорунбаса белгилеген Акар : «Эң башта Азербайжан менен Ливия жана башка аймагыбыздагы дос, союздаш, боордош, эзилгенэлдер менен тебеленген бардык адамзаттык баалуулуктар үчүн да күрөшөбүз»,- деди.

Акар Эгей , Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Кипрдеги маселелердин да диалог жолу менен чечилиши керектигине ишенишкендерин жана бул үчүн аракет кылышкандарын белгилеп : «Грециянын провокация максатында аткарган машыгуулары, келишимдерге тескери болгон, аскердик статусу болбогон аралдарды куралдандыруусу, бул алардарды чет элдик согуштук кемелерге ачышы, эл аралык мыйзамга тескери континенталдык шельф тууралуу айткандары, Эгейде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде акылга сыйбаган талаптары албетте чыңалууну арттырууда. Бул кыймылдар жана коркутуу тили эч качан кабыл алынбайт»,- деди.



Тектеш кабарлар