УКМ Чанаккале жеңишинин 106 жылдыгына карата видео бөлүштү
Бүгүн Чанаккале шейиттери эскерилүүдө.
1603632
Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) социалдык тармактагы баракчасынан 18-март Шейиттерди эскерүү күнүнө жана Чанаккале деңиз жеңишинин 106 жылдыгына карата видео бөлүштү.
Министрликтин билдирүүсүндө: «Биз Гази Мустафа Кемал Ататүрк менен катар 106 жыл мурун Чанаккаледе куттуу жеңишке жеткен баатырларыбызды жана азиз шейиттерибизди таазим кылып эскеребиз. Шейиттерибиздин жаткен жерлери жайлуу болсун» деген сөздөр камтылды.