Россия «Москва» келишими Түркия менен мамилелерде кепилдик милдетин аткарганын жарыялады

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова, «Москва» келишиминин 100 жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

1602572
Россия «Москва» келишими Түркия менен мамилелерде кепилдик милдетин аткарганын жарыялады

Россия, «Москва» келишиминин рухуна берилгендигин, Түркия менен мамилелердин өнүгүүсүндө кепилдик милдетин аткарганын жарыялады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова, Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Өкмөтүнүн ортосунда 1921-жылы 16-мартта  кол коюлган «Москва» келишиминин 100 жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

Бул келишим менен Россия жана Түркиянын ортосундагы  заманбап мамилелердин пайдубалы түптөгөндүгүн белгилеген Захарова: «Биздин терең аң-сезимдүү кызматташтыгыбыз, жакшы коңшулаштык принцибине, өз ара урматтоо жана кызыкчылыктарга негизделип, россиялык жана түркиялыктардын бактысы жана жыргалчылыгы үчүн региондо жана Европа континентинде коопсуздук, тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн биргелешкен үзүрлүү иштөө максатына негизделген»,-деп айтты.

Москва келишими орус-түрк өнөктөштүгүнүн тарыхый далили экендигин белгилеген Захарова: «Түркия жана бардык тармактарда конструктивдүү кызматташтыкты куруу, соода, экономика жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, келечектүү энергетика, өнөр жай жана инфраструктура долбоорлорун колдонуу, маданий-адамзат жана биз адамдардын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүүгө даяр экенибизди тастыктайбыз. Акыркы жүз жыл ичинде саясий жана тарыхый негиздүүлүгүн жоготпогон «Москва» келишиминин рухун жана принциптерин карманып, Россия менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө кепилдик милдетин аткарууда»,-деди.



Тектеш кабарлар