Президент Р. Т. Эрдоган Жаштар кыймылынын конгрессинде сөз сүйлөдү

Президент,  Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган чоң жана күчтүү Түркиянын  куруучусу болгон жаштарга ишенгенин айтты.

1601652

Эрдоган борбор шаар Анкарада партиясынын Жаштар кыймылынын 6 -  кезектеги конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө жаштарга кайрылып : «Силер бир партиянын Жаштар  кыймылынын мүчөсү болуу менен бирге эртеңдин чоң жана күчтүү Түркиянын жол башчысы, мурасчылары болосуңар. Кудста, Кут  -  ул  -  Амареде силер болдуңар. Балкандарда, Чанаккаледе, Галисияда силер болдуңар. Сакарияда, Думлупынарда, Измирде силер бар элеңер»,- деди.

Президент Түркиянын бардык тармагында жаштардын күч болгондугун белгилеп : «Сеператисттерге каршы биримдигибизди, кыйратуучуларга каршы аракеттерибизди жандандырасыңар. Эртеңдин Түркиясын силер өнүктүрөсүңөр. Өлкөнүн келечегин өз келечегинин алдына койгон силер, жаштар бар болгон сайын Түркиянын ыйык жүрүшүн эч ким токтото албайт»,- деди.  

Тектеш кабарлар