Афган министринин Түркия тууралуу билдирүүсү

Афганистанда тынчтыктын түзүлүшү үчүн Россия 18 -  мартта, Түркия да апрель айында тынчытк жыйынын өткөрөрүн билдирген.

1601255
Афган министринин Түркия тууралуу билдирүүсү

Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар Түркияны «ишенимдүү дос» деп мүнөздөп  : «Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Түркияда өткөрүлө турган болушу ок атышпоону кепилдикке алуу жана саясий чечүүчү жол табуу үчүн ташталган кадам болот»,- деди.

Атмар твиттерден берген маалыматында «ишенимдүү дос өлкө» деп аныктаган Түркиянын Талибан менен өткөрүлө турган Афган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө үй ээлик кылышы согуштан тажаган Афганистандын туруктуулук издөөсүндө маанилүү бир баскыч болорун айтты.

Атмар Түркиянын афган тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү каалагандыгын белгилеп : «Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Түркияда өткөрүлүшү, ок атышпоону кепилдик астына алуу жана саясий чечүүчү жол тууралуу ташталган кадам болот»,- деди.

Афганистанда тынчтыктын түзүлүшү үчүн Россия 18 -  мартта, Түркия да апрель айында тынчтык жыйынын өткөрөрүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар