Түркия Улуттук Парламентинин спикери Европа Парламентине каршылык көрсөттү
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында кабыл алынган Сирия чыр - чатагына байланыштуу чечимде Түркияга карата айтылган сөздөргө каршылык көрсөттү.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында кабыл алынган Сирия чыр - чатагына байланыштуу чечимде Түркияга карата айтылган сөздөргө каршылык көрсөттү. Мустафа Шентоп соцтармактан маалымат берип : «Европа Парламентинин акыркы чечиминдеги өлкөбүзгө карата негизсиз жана жаман ниеттүү сөздөрдү четке кагабыз»,- деди.
Түркиянын адамзатык баалуулуктардын негизинде Сириядан Түркияга баш калкалаган миллондогон качкынга жардам бергендигин белгилеген Шентоп, Түркиянын терроризм менен күрөшүүнү улантып, Сирия маселесине БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 22254 номердеги чечиминин негизинде саясий чечүүчү жол аракеттерине салым кошууну улантарын баса белгиледи.
Европа Парламентинин ПКК/ЙПГнин сириялык жарандарга карата террордук кыймылдарына каршылык көрсөтпөшү өкүнтүүчү экендигин баса белгилеген Шентоп : «Европа Парламентин 3, 7 миллион сириялыкка каалгасын ачкан, НАТО менен Европанын чек араларын коргогон, эл аралык мыйзамга сый көрсөткөн Түркиянын жанында болууга жана Сириядагы саясий процесске колдоо көрсөтүүгө чакырабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.