Измирдин жээктеринде 34 качкын куткарылды

Жээкке чыгарылган качкындар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

1600446
Измирдин жээктеринде 34 качкын куткарылды

Измирдин Карабурун районунун жээктеринде, катуу шамалдан улам сүйрөлүп кеткен резина кайыктагы 34 качкын куткарылып жээкке чыгарылды.

Жээк коопсуздугу командачылыгына караштуу топтор, райондун жээктеринде резина кайыктагы адамдардын жардам чакырыгы боюнча ал аймакка жөнөштү.

Аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу сүйрөлгөндүгү аныкталган резина кайыктагы 34 качкын куткарылды.

Жээкке чыгарылган качкындар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар