Чавушоглу Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө

Ташкентте эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин делегацияларынын жолугушуусунда, Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин күн тартиби талкууланды.

1597630
Чавушоглу Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту.

Ташкентте эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин делегацияларынын жолугушуусунда, Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин күн тартиби талкууланды.

Чавушоглу делегациялар аралык жолушуунун алдында жарыялаган билдирүүсүндө, Ташкентке сапарынын маданият бөлүмүндө Хива жана Самарканд шаарларын кыдыргандыгын, Түркиянын Самарканддагы Консулдугунун ачылышын жасагандарын эске салып бул сапарда алар менен чогуу жүргөн Камиловго ыраазычылык билдирди.

Бүгүн Биргелешкен Стратегиялык пландаштыруу тобунун жыйынын өткөрө тургандарын белгилеген Чавушоглу: «Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин экинчи отурумуна даярдыктарды көрүп жатып, биз биринчи саммитте кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган келишимдердин аткарылышына да көз салган болобуз. Ошондой эле Түрк Кеңеши, Афганистан жана берки аймактык маселелерди талкуулайбыз»,- деди.

Камилов да алардын максаты эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты арттыруу экендигин айтты.

Камилов Чавушоглунун президент Шавкат Мирзиёев тарабынан кабыл алынаарын, андан кийин вице-премьер-министр, инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушарын билдирди.



Тектеш кабарлар