Өлкө тышынан келгендер үчүн ПЦР тестин көрсөтүү улантылууда

Европадан келгендер эң көп колдонгон чек ара капкасы Капыкуледе да саламаттык сактоо дирекорлугунун кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

1592671
Өлкө тышынан келгендер үчүн ПЦР тестин көрсөтүү улантылууда

 Ковид- 19 менен күрөшүүнүн негизинде чек аралардан өлкөгө киргендердин «ПЦР тестин көрсөтүү мажбурдуулугу» улантылат.

Жаңы бир чечим чыгарылганга чейин улантылары баса белгиленген «ПЦР тестин көрсөтүү мажбурдуулугу» өткөн жылы 30 - декабрда башталган жана 1 -мартка чейин улантылышына чечим чыгарылган.

Өлкө тышынан келгендердин негатив тестин көрсөтүү мажбурдуулугу бар. 72 сааттын ичинде жасалган жана негатив ПЦР тестин көрсөтө албагандар кайра кайтуу укуктарын колдоно алгандай эле Түркияда боло турган жерин билдирген адресте карантинге алынат.

Боло турган жерин билдире албагандар саламаттык сактоо директорлугу көрсөтө турган жерлерде карантинге алынат.

Европадан келгендер эң көп колдонгон чек ара капкасы Капыкуледе да саламаттык сактоо дирекорлугунун кызматкерлери текшерүүлөрдү улантууда.



Тектеш кабарлар