Чавушоглу эртең Хорватияга барат

Чавушоглунун Хорватияга сапары учурунда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы аймактык жана эл аралык маселелердин каралышы күтүлүүдө.

1590479
Чавушоглу эртең Хорватияга барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең Хорватияга расмий сапар менен барат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Чавушоглунун Хорватияга сапары учурунда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы аймактык жана эл аралык маселелердин каралышы күтүлүүдө.

Билдирүүдө министр Чавушоглунун Хорватиядагы жер титирөө болгон аймакка дагы барары маалымдалды.



Тектеш кабарлар