Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 72 киши көз жумду.

1590151
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 72 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 285 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 124 миң 15 тест жасалып, 660 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 9 миң 561 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 297 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 540 миң 293кө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар