Прездент Эрдоган билим берүү системасынын алдыңкы деңгээлге жеткендигин белгиледи

Президент Р. Т. Эрдоган инфраструктурага жана адам булагына салган инвестициялардын саясында түрк жогорку билим берүү системасынын алдыңкы деңгээлге жеткендигин белгиледи

1582549
Прездент Эрдоган билим берүү системасынын алдыңкы деңгээлге жеткендигин белгиледи

Президент Р. Т. Эрдоган инфраструктурага жана адам булагына салган инвестициялардын саясында түрк жогорку билим берүү системасынын алдыңкы деңгээлге жеткендигин белгиледи.

Эрдоган Ризеде Р. Т. Эрдоган университетинин инженердик архитектура факультетинин кошумча имараты менен Чайели педогогикалык билим берүү факультетинин кошумча имаратынын ачылуу программасында сөз сүйлөдү.

Р. Т. Эрдоган : «Инфраструктурага жана адам булагына салган  инвестициялардын саясында түрк жогорку билим берүү системасы алдыңкы деңгээлге жетти. Мугалимдердин саны 70 000ден 180 000ге жогорулады»,- деди.

Президент : «Түркия республикасынын 100 -  жылы болгон 2023 – жылдагы максаттарына да жетип дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын арасына да кирет. Ишенүү, аракетке өтүү ийгиликтин жарымы. Биз 18 жылда республика тарыхында аткарылгандан дагы көбүнө жетиштик»,- деди.

Президент Эрдоган : «Алдыбыздагы мезгилде үй  - бүлөдөн билим берүүгө жана маданияттан өнөргө, бардык бул тармактарды алдыңкылыктарыбыздын эң башына алып келебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар