"Эрен - 10 Габар" операциясы башталды

Операцияга 1073 кызматкер катышууда.

1582327
"Эрен - 10 Габар" операциясы башталды

Ички иштер министрлиги Шырнак  - Сиирт аймагында ПКК террордук уюмуна карата «Эрен  - 10 Габар» операциясын баштады.

Министрликтен берилген маалыматка караганда операция менен террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгаруу жана аймакта бар экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу максат кылынууда. Операцияга 1073 кызматкер катышууда.

Өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн жана 2021 -  жылы 11 -  январда баштатылган «Эрен» операцияларынын негизинде ушул күнгө чейин жалпы 3 террорист жок кылынды. 58 кызматташкан киши кармалып, 213 үңкүр, баш калкалоочу жер, кампа жардырылды. Көп сандаган ок  - дары, тамак – аш жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.

Маалыматта операциялардын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылып жаткандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар