Түркияда акыркы 51 жылдагы эң ысык экинчи январь

Үстүбүздөгү жылдын январь айында аба ырайы ысык болду.

1581624
Түркияда акыркы 51 жылдагы эң ысык экинчи январь

Түркияда өткөн ай акыркы 51 жылдагы эң ысык экинчи январь деп катталды.

Көптөгөн жылдар бою Түркияда январь айында орточо температура 2,7 градус болду. Үстүбүздөгү жылдын январь айында аба ырайы ысык болгондуктан орточо температура 5,4 градуска жетти.

Түркияда 1971-жылдан берки эң жогорку орточо температура 2003-жылы январда катталды. Өлчөөлөргө караганда, 2021-жылдын январь айы 51 жылдагы эң ысык экинчи январь айы болду.



Тектеш кабарлар