Түрк куралдуу күчтөрү "Чеңгел - Бүркүт - 2" операциясы жүргүзүлдү

Улуттук коргоо министрлиги ПКК/КЖК террордук уюмунун Ирактын түндүгүндөгү кээ бир аймактарда экендиги, кайрадан баш калкалоо үчүн  жерлерди издеп, позицияларын калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.

1580779
Түрк куралдуу күчтөрү "Чеңгел -  Бүркүт  - 2" операциясы жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында ПКК террордук уюмуна таандык буталарга карата Түркия убактысы боюнча саат 02:55тен тарта «Чеңгел -Бүркүт  - 2»  опрациясы жүргүзүлдү.

Улуттук коргоо министрлиги берген маалыматта түрк куралдуу күчтөрү аткарган ийгиликтүү операцияларда оор жоготууга учураган ПКК/КЖК террордук уюмунун Ирактын түндүгүндөгү кээ бир аймактарда экендиги, кайрадан баш калкалоо үчүн  жерлерди издеп, позицияларын калыбына келтирип, кенен машстабдуу кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы белгиленди.

Маалыматта  : «ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди жок кылып, Ирактын түндүгүнөн элибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө карата террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугубузду түзүү максатында эл аралык мыйзамдан келген мыйзамдуу коргонуу укугубуздун негизинде Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында террористтер колдонгон позицияларга 2021 -  жылдын 10 -  февралында Түркия убактысы боюнча саат 02:22тен тарта «Чеңгел  -  Бүркүт  - 2» операциясы баштатылды. Операция улантылууда»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар