Эрдоган: «Өлкөбүздү бутага алган чабуулдардын эч бириси кокустук эмес»

Эрдоган,  Президенттиктин Долмабахчедеги кеңсесинде Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) төрагасы Коксал Кушту жана анын делегациясын кабыл алды.

1578732
Эрдоган: «Өлкөбүздү бутага алган чабуулдардын эч бириси кокустук эмес»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы жылдарда негизинен экономика жана терроризм баш болгон Түркияны бутага алган чабуулдардын эч биринин кокустук эмес экендигин айтты.

Эрдоган,  Президенттиктин Долмабахчедеги кеңсесинде Эл аралык Демократтар биримдигинин (UID) төрагасы Коксал Кушту жана анын делегациясын кабыл алды.

Президент Эрдоган, адамзат акыркы бир жыл ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясы менен күрөшүп келе жаткандыгын белгилеп, «Өнүккөн өлкөлөр менен катар дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн даярдыксыз туш болгон бул пандемия процессин, Түркия ийгиликтүү башкарып жатат. Адамдар көңүл коштуктан өлгөн, медициналык кызматкерлер маскасын да таба албаган, карылар үйүндө биздин жүрөгүбүздү ооруткан көрүнүштөр чагылышкан абалдардын эч бириси биздин мамлекетте болгон жок. Алар сөөк койгонго мүрзө дагы таба албай калышты. Ушундай абалга туш болушту. Мындай жагдай, дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдө болду»,деген серебин салды.

«Биз чек арабызда жашаган жарандарыбызды гана эмес, чет жактагы жарандарыбызды да кароосуз калтырган жокпуз»,-деп айткан Эрдоган: «Биз республикалык тарыхыбыздагы эң ири эвакуациялык операцияны жасап, 141 мамлекеттен 100 миңден ашуун жаранды үй-бүлөсү менен жолугуштурдук»,-деди.

Президент Түркиянын тарыхы, цивилизациянын топтолушу, адамзат баалуулуктары менен өз жарандарын коргогон улуу мамлекет экендигин дагы бир жолу көрсөткөнүн баса белгиледи.

«Унутпаңыз, өлкөбүзгө, айрыкча экономика жана терроризм баш болгон өлкөбүздү бутага алган чабуулдардын эч бириси да кокустук эмес»,-деди. Эрдоган мындай деди: «Ливияда, Сирияда, Эгейде, Чыгыш Жер ортолук деңизинде, эң акырында Тоолуу Карабахта Түркиянын билегин бүгө албагандар, асимметриялык ыкмалар менен негизсиз дооматтарды коюп жана жасалма айыптарды тагуунун үстүндө иштеп жатышат. Европадагы коронавирус эпидемиясы менен ачыкка чыккан түрктөргө жана мусулмандарга карата душмандыктын себептеринин бири да ушул. Дээрлик күн сайын жалгыз ушул себептен улам кол салууга дуушар болгон түрктөр жана мусулмандар, укуктары тебеленген адамдарыбыздан кабар алып турабыз. Нео-нацист террорунан мусулмандар менен катар этникалык теги, көрүнүшү, диний ишеничи башка болгон берки катмарлар дагы терс таасир алып жатышат. Өзгөчө мечиттерге, жумуш орундарына, ассоциацияларга, мектептерге жана буларга каршы аракеттер ойго келбеген өлчөмдөргө жетти»,-деди.

«Швецияда Курандын өрттөлүшү, Норвегияда Курандын жулмаланышы, басма сөз эркиндиги шылоосу менен Пайгамбарыбыз Алейхиссалам весаламды мазактаган карикатуралардын шыктандырылышы, биздин ыйыктарыбызга жасалган чабуулдардын айрымдары гана»,-деп айткан Режеп Таййип Эрдоган: «Бирок, Батыш дүйнөсү уулуу чырмоок сыяктуу күндөн-күнгө өсүп жаткан бул коркунучка каршы чараларды көрбөй,өжөрдөнүүдө. Мусулмандардын ыйык баалуулуктарына каршы чабуулдар ой эркиндиги кашаасынын ичине алынып көрмөксөнгө салынууда. Бир эле учурда, Европа исламы, француз исламы жана австрия исламы сыяктуу ушундай долбоорлор менен мусулмандар эки тараптуу курчоого алынууда. Экстремизмге каршы күрөш, бул долбоордун максаты бул европалык мусулмандардын өз мекени жана ислам үммөтү менен болгон байланышын бузуу болуп саналат. Канчалык башкача таңгактоо колдонулса дагы, бул ассимиляциялоо долбоору болуп саналат. Кылдат саясат менен ишке ашырылып жаткан жана барган сайын жайылган бул долбоорго каршы бардыгыбыз бирге күрөш жүргүзүүбүз керек. Биз муну процесстерден обочолонуу менен эмес, тезистерибизди тийиштүү кишилердин алдында катуу коргоо менен жасай алабыз»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар