Чавушоглу МИКТАнын жыйынына катышты

Чавушоглу МИКТАнын кезектешкен төрагалыгын өткөрүп алган Австралияны куттуктап, өткөрүп берген Түштүк Кореяга да ыраазычылык билдирди.

1576809
Чавушоглу МИКТАнын жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 18-Континенттер аралык экономикалык кызматташтык (МИКТА) жыйынына катышты.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, онлайн режиминде өткөрүлгөн 18-МИКТА жыйынына Мексика, Индонезия, Түштүк Корея жана Австралиянын тышкы иштер министрлеринин да катышкандыгын айтты.

Чавушоглу МИКТАнын кезектешкен төрагалыгын өткөрүп алган Австралияны куттуктап, өткөрүп берген Түштүк Кореяга да ыраазычылык билдирди.

"МИКТА - көп тараптуу дипломатияга жакшы үлгү" деп айткан Чавушоглу, Түркиянын мындан ары да өз салымын кошоорун баса белгиледи.

2013-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн МИКТА Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиянын ортосунда расмий эмес консультативдик платформа катары иштеп жатат. МИКТА бул катышуучу өлкө аттарынын биринчи тамгаларынан турат.

Тышкы иштер министрлери деңгээлинде өткөрүлгөн МИКТА отурумдарынын координациясы болсо кезектешкен төрагалыгын милдеттенген өлкө тарабынан жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар