Президент Р. Т. Эрдоган Ковид - 19 эпидемиясы мезгилинде берилген колдоолор тууралуу билдирди

Эрдоган  «Эпидемияга каршы жапа тырмак иш алып бардык» деген графикага да орун берди.

1575894
Президент Р. Т. Эрдоган Ковид  - 19  эпидемиясы мезгилинде берилген колдоолор тууралуу билдирди

 Президент Р. Т. Эрдоган : «Саламаттык сактоодон социалдык колдоого чейин бардык темаларда жарандарыбыздын жанында боло турган кадамдарды таштадык. Бул күрөштө  ишкана ээлеринин, кол өнөрчүлөрүбүздүн, өндүрүүчүлөрүбүздүн жанында болууну улантабыз»,- деди.

Президент Эрдоган социалдык медиадан берген графикалык маалыматында  Ковид  - 19  эпидемиялык мезгилинде берген колдоолор тууралуу билдирди. Маалыматында : «Сламаттыктык сактоодон социалдык колдоолорго чечин бардык темаларда жарандарыбыздын жанында боло турган кадамдарды таштадык. Бул күрөштө ишкана ээлеринин, кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрүбүздүн жанында болууну улантабыз»,- деген Эрдоган  «Эпидемияга каршы жапа тырмак иш алып бардык» деген графикага да орун берди.

Графикада эпидемиялык мезгилде социалдык колдоого алынган бардык үй-бүлөлөргө кошумча акчалай жардам көрсөтүлдү, кыска мөөнөттүү жумушка жөлөк пул чектери кеңейтилди, эмгек акысы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөргө акчалай эмгек акыны колдоо башталды, эпидемиялык шарттарга карабастан 16 миллион турист келди, айрым тармактар ​​жана социалдык камсыздандыруу мекемеси үчүн салык милдеттенмелери жана Социалдык Коопсуздук Мекемесинин (SGK)  взнос төлөмдөрү 6 айга кечеңдетилгендиги эске салынды.

Ишкана ээлерине колдоо жана ижара жардамы үчүн 5 миллиард лирадан ашык накталай жардам, социалдык коргоо калканынын негизинде түрдүү бөлүктөргө 49 миллиард лира берилгендиги белгиленген графикада экспортчуларга да 2,4 миллиард лира колдоо берилгендиги маалымдалды.

Өзгөчө графикада кошумча нарк катнаштарынын кээ бир тармактарда 1 пайызга, айрымдарында болсо 8 пайызга түшүрүлгөндүгү, салык карыздарын кайрадан иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн берилгендиги, ошондой эле 2020-жылы жүгүртүүдөгү жоготуусу 50 пайыздан жогору болгон ишканаларга жоготууларынын 3 пайызынчалык гранттар берилип, болжол менен 650 миң пенсионердин айлык маянасынын 1500 лирага чейин көтөрүлгөндүгү да билдирилди.



Тектеш кабарлар