Мьянмадагы түрк элчилиги бул өлкөдөгү түрк жарандарын эскертти

Түркиянын Непидо элчилиги аскердик козголоң болгон Мьянмада жашаган түрк жарандарын  мажбур болмоюнча көчөгө  чыкпоо боюнча эскертти.

1574967
Мьянмадагы түрк элчилиги бул өлкөдөгү түрк жарандарын  эскертти

Түркиянын Непидо элчилиги аскердик козголоң болгон Мьянмада жашаган түрк жарандарын  мажбур болмоюнча көчөгө  чыкпоо боюнча эскертти.

Түркиянын Непидо элчилигинен берилген маалыматта өлкөдө өзгөчө кырдаалдын жарыялангандыгы, мыйзам чыгаруу, иш алып баруу жана сотко таандык бардык жоопкерчиликтердин куралдуу күчтөрдүн башкы командирлигине өткөрүп берилгендиги эске салынды.

Аскер болгон вице - президент Минт Све убактылуу президент деп жарыялангандыгы жөнүндө маалыматты камтыган билдирүүдө : "Белгилүү болгондой, көптөгөн жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер камакка алынып, өлкө боюнча телеканалдар жана уюлдук байланыш линиялары үзүлүп, айрым аймактарда зымсыз интернет байланышы чектелди",- деп билдирилди.  

Маалыматта өлкөдө жашаган түрктөргө эскертүү берилип : «Мьянмадагы жарандарыбызды мажбур болмоюнча үйлөрүнөн чыкпашын, жергиликтүү каналдардан берилген маалыматтарды иликтеп жана эл көп болгон жерлерден алыс туурларын сунуш кылабыз»,- деп айтылды.

Мьянмадагы түрк жарандары байланыш каналдары ачык болсо элчилик менен твиттер жана фейсбук аркылуу жана +9501662992, +959405056552 телефон номерлери аркылуу байланыша алат.



Тектеш кабарлар