Парламенттин төрагасы Шентоп Албанияга барат

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация расмий сапар менен Албанияга барат.

1574359
Парламенттин төрагасы Шентоп Албанияга барат

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация 4-5-февраль күндөрүндө Албанияга барат.

Шентопту расмий сапар менен барган борбор шаар Тиранада Албания парламентинин төрагасы Грамоз Ручи тосуп алат.

Жемеме-жеке жолугушуудан кийин Шентоп жана Ручи делегациялар ортосундагы жолугушууга төрагалык кылышат.

Делегациялардын жолугушуусунан кийин Шентоп жана Ручи биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Шентоп андан соң Албаниянын парламентинин Ардак китебине кол коет.

Ручи Шентоптун жана аны коштогон парламенттик делегациянын урматына түшкү тамак берет.

Парламент төрагасы Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация да Албаниянын президенти Илир Мета тарабынан кабыл алынып, Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жолугушат.

Шентоп иш сапарынын экинчи күнүндө, 5-февралда, аны коштогон парламенттик делегация менен бирге Шкодрага барып «Хасан Рыза Паша» шейиттигине гүлчамбар коет.

Шентоп ошондой эле Шкодрада «Хажы Шейх Шамия» атындагы диний билим берүүчү орто мектебине жана «Юнус Эмре» институтуна барат.



Тектеш кабарлар