Жаңы муундагы 3 даана «Фыртына» пушкасы Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылды

Акар, коргонуу өнөр жайы менен бирге тышка көз карандылыктын жоюлушунун өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

1569493
Жаңы муундагы 3 даана «Фыртына» пушкасы Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылды

Атамекендик жана улуттук жаңы муундагы 3 даана «Фыртына» пушкасы улуттук коргоо министри Хулуси Акар катышкан салтанатта Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылды.

Акар, башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири генерал Үмит Дүндар жана улуттук коргоо министринин орун басары Мухсин Дере менен биргеликте кечээ борбор шаар Анкарада 1-Тейлөө ишканасынын дирекциясында иликтөөлөрдү жүргүздү.

Улуттук коргоо министрлигинин Арифиедеги кампусу BMC заводуна да барган Акар, коргонуу өнөр жайы менен бирге тышка көз карандылыктын жоюлушунун өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн бийик максаттуу иш-аракеттердин негизинде коргонуу өнөр жайында маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин белгилеген Акар, BMC тарабынан чыгарылган брондолгон унаалардын көргөзмөсүнө да барды. Бул жерде өткөрүлгөн кол коюу аземинде өндүрүшү аяктаган жаңы муундагы 3 даана «Фыртына» пушкасы Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылды.

Армиялар үчүн кызматкерден тышкары маневр жана ок атуу күчүнүн да маанилүү элементтердин бири экендигин белгилеген Акар: «Фыртына пушкалары бул жагынан өзүн далилдеген куралдар. Буга чейин көп жолу колдонулган куралдар бизди канагаттандырат. Мунун экинчи версиясы, өркүндөтүлгөн версиясы менен түрк аскеринин көптөгөн маанилүү иштерди жасай тургандыгына ишенсеңиз болот»,-деди.

Кол коюу аземинен кийин Акар менен командирлер, BMC тарабынан чыгарылган брондолгон унаалардын жөндөмдүүлүктөрү көрсөтүлгөн иш-чарага катышышты.



Тектеш кабарлар