Стамбул фрегаты бүгүн деңизге түшүрүлөт

Фрегат, толугу менен улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыкты.

1569401
Стамбул фрегаты бүгүн деңизге түшүрүлөт

Милгем (Улуттук кеме) долбоорунун алкагында чыгарылган Стамбул фрегаты бүгүн деңизге түшүрүлөт.

Бул фрегат, өнүккөн абадан коргонуу жана суу үстүндө чабуул, деңиздин алдында коргонуу жана форпост иш-аракеттерин аткарат.

Чалгындоо жана байкоо жүргүзүү, бутаны аныктоо, изилдөө жана таануу, эрте эскертүү миссиялары, ошондой эле базалык жана порттук коргонуу иштерин жасай турган фрегат, өнүккөн деңиз өзгөчөлүктөрүнөн улам толугу менен улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыкты.

Курулуп бүткөндө узундугу 113 метр, туурасы 14,4 метрди түзө турган фрегаттын 2023-жылы деңиз күчтөрүнүн командачылыгына тапшырылышы максатталууда.



Тектеш кабарлар