Президент: «Жергиликтүү ресурстарыбызга негизделген энергетика тармагын түзүүнү максат кылуудабыз»

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш менен Манисадагы Энергия жана табигый ресурстар долбоорлорунун массалык ачылыш аземине катышты.

1564892
Президент: «Жергиликтүү ресурстарыбызга негизделген энергетика тармагын түзүүнү максат кылуудабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган (Көз карандысыз энергетика, күчтүү Түркия) деп мүмкүн болушунча жергиликтүү ресурстарга негизделген энергетика тармагын түзүүнү максат кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш менен Манисадагы Энергия жана табигый ресурстар долбоорлорунун массалык ачылыш аземине катышты.

(2002-жылы) кызматка келгендеринен бери, Түркия Республикасынын эң ийгиликтүү 18 жылын өткөргөндөрүн айткан Эрдоган: «Бизге чейинки 5 ири шаарда гана жаратылыш газы бар болсо, биз 81 шаардын бардыгын жаратылыш газы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн тартууладык»,- деди.

Түркияда жаратылыш газын таратууга багытталган  инвестициянын жалпы көлөмү 27 миллиард лирага жеткенин баса белгилеген Эрдоган: «2021-жылы дагы жаратылыш газга болгон инвестицияларыбызды улантабыз»,-деди.

Көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, көптөгөн тоскоолдуктардан өтүп, ар кандай кол салууларга дуушар болгондорун белгилеген Эрдоган: «Түркиянын мүдүрүлүшүн, крисизке жана баш аламандыкка туш болушун үмүттөнгөндөргө каршы өлкөнү жаркын келечекке даярдап жатабыз»,-деп кошумчалады.

2002-жылы 18 мегаватт гана болгон геотермалдык күчүнүн бүгүн 1613 мегаваттка жеткенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул көрсөткүч менен Түркия геотермал жагынан Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунга көтөрүлдү»,-деп билдирди.

Эрдоган: «Көз карандысыз энергетика, күчтүү Түркия деп мүмкүн болушунча жергиликтүү ресурстарга негизделген энергетика тармагын түзүүнү максат кылуудабыз. Түркиянын өсүүсү үчүн электр жаатындагы күчүбүздү 18 жылдын ичинде 3 эсеге көбөйтүп 96 миң мегаваттка жеткирдик. Биз өндүрүш жагынан гана эмес, жаңылануучу энергия технологиялары боюнча да борбордук өлкө болууну максат кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар