Диярбакырда 258 мехметчик Сирияга узатылды

Диярбакырдан 258 аскер дуалар менен «Тынчтык булагы» операциясында террордон тазаланган Сириянын Расулайын районуна узатылды.

1558391
Диярбакырда 258 мехметчик Сирияга узатылды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн чек ара тышына жүргүзгөн операцияларына катышуу үчүн Диярбакырдан 258 аскер дуалар менен «Тынчтык булагы» операциясында террордон тазаланган Сириянын Расулайын районуна узатылды.

Силван жандармерия десанттык полкунун командири Фатих  Йылмаз узатуу аземинде сөз сүйлөп, мекендин жеринде тынчтык жана коопсуздукту орнотуу үчүн  жүргүзгөн операцияларды эми өлкөнүн аман калышы үчүн террор коркунучун жок кылууга карата Расулайн районунда жүргүзүшөрүн белгиледи.

Куран Карим окулган аземден кийин үй  - бүлөлөрү менен коштошкон 2 -  десанттык полктун командирлигинде кызмат кылган 258 кызматкер Расулайн районунда кызмат кылган Силван  1 – жандармерия командирлигинин полкунан кызматты өткөрүп алуу үчүн дуалар менен узатылды.



Тектеш кабарлар