Түрксат 5Анын учурулушу жылдырылды

Кечээ кечкиге пландалган учуруунун аба ырайына байланыштуу жылдырылгандыгы айтылууда.

1557564
Түрксат 5Анын учурулушу жылдырылды

Түркиянын бешинчи муундагы спутниги Түрксат 5Анын учурулушу жылдырылды.

Түрксат аукционердик коомунун билдирүүсүнө караганда, Түрксат 5A 8-январь жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 4:26да космоско жөнөтүлөт. 

Түрксат 5А, Түркия, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук Батыш Африка, Түштүк Африка, Жер Ортолук деңизи, Эгей деңизи жана Кара деңизди камтыган аймаката, телекөрсөтүү жана маалыматтык байланыш кызматтарын көрсөтөт.

АКШнын Флорида штатындагы (АКШ) Канаверал Кейп базасынан Space x компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен учурула турган спутниктин 31 градус чыгыш орбитасында өз позициясына жетүү сапары болжол менен төрт айга созулуп, ушул жылдын экинчи чейрегинде кызмат кыла баштайт.

Кечээ кечкиге пландалган учуруунун аба ырайына байланыштуу жылдырылгандыгы айтылууда.



Тектеш кабарлар